24.kg
09:20, 29 января 2019, 24.kg

Чүй облусу боюнча ажылыкка катталган жарандардын саны 857ге жетти

Чүй облусу боюнча ажылыкка катталган жарандардын саны 857ге жетти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылы ажылыкка бара тургандардын санын каттоо облустун 7 аймагында жүргүзүлүүдө.

«Каттоо иши кызуу жүрүүдө. Операторлор тынымсыз иш алып барып, облустук казыят тарабынан тыгыз көзөмөлдөнүүдө», — деди Чүй облусундагы ажыларды каттоо боюнча жоопту адис Алманбет ажы Суеркулов.

Эскерте кетсек, ажылыкка каттоо 31-январда аяктайт. Быйыл Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 5 510 квота бөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18