Президенттин аппаратына былтыр 17 миң 827 жарандан кайрылуу келип түшкөн
Президенттин аппаратына былтыр (3-январдан 31-декабрына чейин) жалпы 17 миң 827 жарандардан кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуулардын ичинен
— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 14493 (2017-жылы — 8419);
— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 1458 (2017-жылы —555);
— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 1196 (2017-жылы — 890);
— Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 503 (2017-жылы — 570);
— Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 177ни түздү (2017-жылы — 224).
Президенттин Аппаратына келип түшкөн 14177 кайрылуулардын 7923ү (же 55,9%) көзөмөлгө алынды. Алардын 6734ү аткарылды (85,0%), 1189 жарандын кайрылуулары (15,0%) аткарылууда.
Ал эми 6254 кайрылуу (44,1%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.