24.kg
09:27, 28 января 2019, 24.kg

Түркиянын Адана шаарында кыргызстандык кыз асынып алды

Түркиянын Адана шаарында кыргызстандык кыз асынып каза болду. Бул тууралуу туркиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 31 жаштагы кыз няня болуп иштеп жаткан.

25-январда ал жумушка келген эмес. Жумуш берүүчү кызга телефон чалып издеген, бирок жооп ала алган эмес.. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал полицияга кабар берген. Полиция кызматкерлери кыргызстандык жаран жашаган үйгө келишкен. Эшикти эч ким ачпагандыктан, сындырып үйгө киришкен. Жуунучу бөлмөдө кыз колготкисине асынып каза болгону маалым болду.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, каза болгон кыз жалгыз жашачу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18