24.kg
08:42, 28 января 2019, 24.kg

Өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү аныкталды

2017-жылы Кыргызстандын көмүскө экономикасынын көлөмү 125,2 миллиард сомду (1,8 миллиард доллар) түзгөн. Бул ички дүң өнүмдүн 23,6% барабар. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

Комитеттин эсеби боюнча 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы ИДПга карата дүң жана чекене соода, автомобиль ремонту, курулуш тармагындагы көмүскө экономиканын үлүшү азайган. Ошол эле маалда статистикада айыл чарба эсепке алынган эмес.

2018-жылы Экономика министрлиги Реконструкция жана Өнүгүү боюнча Европа банкынын колдоосу менен көмүскө экономиканын көлөмүн иликтей баштаган. Эксперттер көйгөйдүн масштабын жана негизги себептерин аныктап, аны кыскартуу боюнча сунуштарын беришет.

Энономика министрлиги көмүскө экономиканын көлөмү жогорку деңгээлде экенин мойнуна алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18