Кеңеш. Социалдык тармакта убакытты текке кетирбей туура пайдалануу жолдору
Социалдык түйүндөргө баш бактың дегиче убакыттын кандай өткөнүн билбей каласың. Бирок, азыркы технологиянын заманында убакыттан артта калбайлы деп, социалдык түйүндөрдүн бир бөлүгү болууга кааласак да, каалабасак да тушугабыз. Айрым блоггерлер аккаунттарды такыр өчүрүп реалдуу жашоого кайткыла деп чакырык таштап да келишет. Социалдык түйүндөр биздин жашообузга түздөн-түз таасир берет. Мындан улам көз каранды болбой, убакытты кантип туура пайдалануу керектиги боюнча 24.kg агенттиги кеңештерди даярдады.