24.kg
17:18, 25 января 2019, 24.kg

Чүйдө айыл өкмөтүнүн кызматкерин жергиликтүү кеңештин депутаты сабап салган

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда айыл өкмөтүнүн кызматкерин жергиликтүү кеңештин депутаты сабап салган. Маалыматты 24.kg агенттигине ОИИБдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 29-декабрда Кемин РИИБга Кызыл- Октябрь айылынын 30 жаштагы тургуну кайрылган. Ал С.Мге карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, ал таң эрте аялдын үйүнө келип сабаган.

«Факт РИИБда катталган. Милиция күнөөлүүнү суракка алды. Ал сабаган эмесмин деп күнөөнү моюндаган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды», -деп билдиришти ОИИБдан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18