24.kg
11:55, 25 января 2019, 24.kg

Премьер-министр: Кыргызстан глобалдык миграциялык процесстен бөлүнө албайт

Кыргызстан глобалдык миграциялык процесстен бөлүнө албайт. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Ал билдиргендей, БУУнун маалыматы боюнча дүйнөдө ар кандай себептер менен 300 миллион киши мигрант болуп жүрөт.

«Кимдир бирөө иш издеп жүрөт, дагы бири жашоосун жакшыртайын деп башка өлкөгө кетүүдө. Бул дүйнөлүк процесс. Биз мындан бөлүнө албайбыз. Биздин максат-так ички миграциялык саясатты алып баруу», -деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда саны өсүп жатканы жана алардын жарандыкты алып жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

«Маалымат толук кандуу эмес. Баардык эле чет элдиктер Кыргызстанда калып жашай тургандыгынан шегим бар», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18