24.kg
08:44, 25 января 2019, 24.kg

Орусиянын Пензенск облусундагы жол кырсыктан кыргызстандык 2 жаран каза болду

Орусиянын Пензенск облусундагы жол кырсыктан кыргызстандык 2 жаран каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, Төмөнкү Новгород—Саратов унаа жолунун 420-чакырымында «Тойота Альфард» менен «ГАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. «Тойота» унаасында 8 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен кыргызстандык 2 жаран мерт болду.

Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр Казакстанга документке мөөр бастыруу үчүн бара жатышкан. Каза болгондордун бири 54, экинчиси 26 жашта болгон.

Калган 6 жүргүнчү ооруканага жеткирилди.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18