24.kg
17:55, 24 января 2019, 24.kg

Кыргыз-казак мамилелери. ТИМ башчылары чек ара жаңжалын телефон менен талкуулады

Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Бейбут Атамкулов мамлекеттик чек арадагы жаңжалды телефон аркылуу талкуулашты. 

Буга чейин маалымдалгандай, кечээ Талас облусунда белгисиз бирөөлөр чек ара аркылуу Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 10-15 чакты жылкы алып өтүүгө аракет кылышкан. Аларды кармоо учурунда каршылык көрсөтүшкөн. Чек ара кызматкерлери курал колдонууга мажбур болуп ок чыгарганда, бир кишиге тийип, ал каза болгон.

Учурда эки өлкөнүн тиешелүү органдары бул маселе боюнча иш алып барууда. Ал эми көз жумган адамдын жакындарына колдоо көрсөтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18