24.kg
14:16, 24 января 2019, 24.kg

Футболчулар менен жолугушуу. Ала-Тоо аянтында даярдыктар жүрүүдө

Бишкектин Ала-Тоо аянтында футбол боюнча курама команданын мүчөлөрү менен жолугушуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат.

Бир сааттан кийин футболчулар менен жолугушуу үчүн спорт күйөрмандары, бийлик өкүлдөрү жана ырчылар келиши күтүлүүдө. Учурда аянттын айланысына кырка тизилген тартип сакчылары күзөтүп, концерттик программа үчүн сахна жасалгаланууда. 

Эске салсак, бүгүн таңкы саат 5тер чамасында кыргызстандык футболчулар БАЭден учуп келишкен. Анда учактан түшкөн спортчуларды жердештери кучак тосуп күтүп алышкан. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов оюнчуларга мыкты беттеш көрсөткөнүн баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

1/8 финалында Кыргызстандыктар БАЭ командасы менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

Кыргызстан курама командасынын оюнуна күбө болгон мекендештер футболчулардын мыкты ойногонун айтышып, чет элдик күйөрмандардын да алкышына татыды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18