24.kg
11:06, 24 января 2019, 24.kg

Мамлекеттик тил. Жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы аткарылган жок

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы аткарылган жок. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Ал өкмөт мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көӊүл бурушу керек деди.

«Коӊшу Казакстандын тажрыйбасын карагылачы, казактар мамлекеттик тилин жогорку деӊгээлге чыгарып алышты, бул багытта кайра курумдар ишке ашырылып жатат. Бизде андай жүрүш байкалбайт. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2 жана Б1 деӊгээлинде билүүгө тийиш. Бул багытта кандай иштер жасалып жатат, анын жайы белгисиз», — деди депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18