24.kg
09:21, 24 января 2019, 24.kg

Кыргызстандык футболчуларды жердештери оркестр менен тосуп алышты

Бүгүн таңкы саат 5тер чамасында футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы өз мекенине учуп келишти. Учактан түшкөндөн кийин аларды оркестр тосуп алды. Андан кийин команда мүчөлөрүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп чыгып, жакшы оюн көрсөткөн азаматтарга ыраазычылык билдирди. 

Таң атпай чогулган кишилердин саны жүздөп саналат. Алар футболчуларга ыраазычылыгын билдирген белги кылып салам берип, алар менен сүрөтко түшүштү.

Бүгүн саат 15те Ала-Тоо аянтында концерт уюштурулат. Ага футболчулардын катышуусу күтүлүүдө. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18