24.kg
17:20, 23 января 2019, 24.kg

Визасыз режим. Сириялык качкындар пайдаланышы мүмкүн деп кооптонушууда

Жогорку Кеңештин депутаттары айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизүү тууралуу мыйзамдолбоорун карап жатышат.

Эске салсак, депутат Дастан Бекешев Евробиримдик, АКШ, Жапония жана Улуу Британияга чыгуу укугу боюнча виза алгандарга визасыз режимди киргизүүнү сунуштады.

УКМКнын башчысынын орун басары Орозбек Опумбаевдин айтымында, мыйзамдолбоору жакшы, бирок эртелик кылат.

«Биринчиден мыйзамдолбоордун экономикалык негизи жок. Экинчиден эл аралык милдеттенмелер бар. Качкындар тууралуу конвенциянын алкагында биз каалаган качкынды кабыл алууга милдеттүү болобуз. Алар визасыз режим аркылуу пайдаланышы мүмкүн», -деди ал.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзамдолбоорду экинчи окууга жөнөтүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18