24.kg
16:09, 23 января 2019, 24.kg

Депутат унаалардын айнектерин караңгылатууну легалдаштырууну сунуштады

Депутат Исхак Пирматов унаалардын айнектерин караңгылатууну легалдаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

«Өкмөт кошумча киреше булактары үчүн рычагды колдоно албай атат. Биздин калк чыгымдарга карабай өзгөчөлөнгөн номурларды жана айнектерди караңгылатканды жакшы көрөөрү айкын болду. 5-чакырылышта биз өзгөчө номурларды аукцион аркылуу сатуу тууралуу мыйзам кабыл алганбыз, миллион сом бюджетке келип түштү. Ал тургай 1000 долларлык номурлар сатылды», -деди депутат.

Исхак Пирматов билдиргендей, унаалардын айнектерин караңгылата турганга уруксаат берүүнү сатыш керек.

«500 доллар болсун деп коелу, 4-5 миллиард сом түшүп калуусу мүмкүн. Кылмыш кылгысы келген киши унаасынын айнегин караңгылатпай туруп эле кылмыш жасай алат», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18