24.kg
14:33, 23 января 2019, 24.kg

Жаңы кодекстерди түшүндүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттын дайыны жок

Жаңы кодекстерди түшүндүрүү үчүн бөлүнгөн каражаттын дайыны жок. Бул боюнча Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Депутат Акылбек Жапаровдун билдирүүсүндө, сот-укуктук реформа жүргүзүү иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн 13,6 млн. евро көлөмүндө каражат каралган. Анын 3 млн. евросу калкка аларды түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына бөлүнгөн.

Депутаттын айтымында, каражат натыйжасыз чыгымдалган, ошондуктан сот-укуктук реформа алкагында жүргүзүлчү иш-чаралардын экинчи фазасына бөлүнгөн каражатты кимдир бирөөлөр эмес, Финансы министрлиги башкарып, каражаттын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш.

Ал эми депутат Курманкул Зулушев 3,6 млн. евро каражаттын кайда жана кандай жумшалганын текшерүү керек экенин белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18