24.kg
10:55, 23 января 2019, 24.kg

Четке чыга турган биометрикалык паспорт. Аудиттер 10 миң сомго текшерүүгө даяр

Чет өлкөгө чыга турган биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды алып келүү боюнча өткөрүлгөн тендерди 4 компания текшерүүгө даяр. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

«Аудит Профи Групп» ЖЧКсы өз кызматын 10 миң сомго баалады. «Аудит Максат» 12 миң сом, ишкер Ибраймакунов Айдар Касымович 16 мин сом, «Бухгалтерия Аудит Инновация» 25 миң сомго кызмат кыла тургандыгын билдирген.

«Аудит Профи Групп» ЖЧКнын Ибраймакунов Омурбек Касымович башкара тургандыгы аныкталды. Ал тендердин дагы бир катышуучусунун бир тууганы деген маалымат айтылууда.

Аудитор түз келишимдик ыкма менен тандалат. Бланктарды сатып алуу боюнча тендердин суммасы 1 миллиард 263,8 миллион сомду түзөт.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18