24.kg
11:20, 22 января 2019, 24.kg

Жол кырсыкка кабылган Октябрь РИИБнын кызматкери окуя маалында мас абалда болгон

Жол кырсыкка кабылган Октябрь РИИБнын кызматкери окуя маалында мас абалда болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, факт Бирдиктүү кылмыштар жана жоруктар реестерине катталган.

«Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Mercedes Benz унаасынын айдоочусу, Октябрь РИИБнын кызматкери мас абалда болгон. Керектүү баардык экспертизалар дайындалды. Учурда милиция ооруканада көзөмөлгө алынды», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эске салсак, 21-январда Бишкектеги 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык катталып, 33 жаштагы жүргүнчү каза тапкан.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18