24.kg
09:43, 22 января 2019, 24.kg

Чүйдө мас абалда таанышын сабаган тургун 5 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда мас абалында таанышын сабаган тургун 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда Ж.А. аттуу жаран үч таанышы менен спирттик ичимдиктерди ичишкен. Андан кийин чогуу отурган А.А. аттуу жаран экөөнүн ортосунда ызы чуу болуп, айыпталуучу апасын сөккөндүгү үчүн таанышын сабап салган.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабырлануучунун ден соолугуна чоң зыян келтирилген.

Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18