24.kg
16:30, 21 января 2019, 24.kg

Азамат Жаманкулов 3 күндөн кийин кыргыз циркинин директорун дайындоого сөз берди

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кыргыз циркинин артисттерине 3 күндөн кийин директорду дайындоого убада берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине труппанын жетекчиси Данияр Бөлөкпаев билдирди.
 
Айтымында, 34 артист эгерде циркке тийиштиги жок жетекчи дайындала турган болсо иштен кетүүгө даяр. Ал цирктин кызматкери, жаачы Аида Акматованын талапкерлигин жамаат колдоп жатканын айтты.
 

Эске салсак, А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери нааразычылык акцияга  чыгышты. Алар белгилүү жаачы Аида Акматованы директор кылып дайындоону талап кылышууда. Нааразы тараптын пикиринде, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов артисттер көрсөткөн талапкерди эмес, өз кишисин алып келүүгө далалат кылууда.

 
 
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18