24.kg
13:38, 21 января 2019, 24.kg

Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери нааразычылык акцияга чыгышты

А.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери нааразычылык акцияга чыгышты. Алар белгилүү жаачы Аида Акматованы директор кылып дайындоону талап кылышууда. 

Нааразы тараптын пикиринде, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов артисттер көрсөткөн талапкерди эмес, өз кишисин алып келүүгө далалат кылууда.

«Директорду дайындоодо жемкорлук иштери жүрүп жатканы айдан ачык болуп калды. Биз буга каршыбыз. Чоочун кишини жетекчилик кызматка алып келиш үчүн каяктагы бир сынакты ойлоп табышыптыр», -дешет артисттер. 

Буга чейин цирктин артисттери министрге Курмангазы Исанаевди иштен бошотуу тууралуу өтүнүч менен кайрылышкан. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган жайда жемкорлук гүлдөп жатат деп билдиришкен. Кийин жетекчи өз ыктыяры менен арыз жазып иштен кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18