24.kg
09:46, 21 января 2019, 24.kg

Бишкектин тургундары батареялардын муздактыгына нааразы болушууда

Фейсбук социалдык түйүнүндө Бишкектин тургундары батареялардын муздактыгына нааразы болушкан билдирүүлөрү тарады. Кезектеги нааразычылык кебин Юлия Шайхутдинова жазып чыккан.

Айтымында, Панфилов менен Москва көчөсүнүн кесилишиндеги № 173 үйдө жылуулук маселеси жаралды.

«Чоң эне ыйлайын деп эле калды, батареялар араң эле жылып жатат. Үйдүн ичи муздак. Бир жумадан бери Бишкек жылуулук түйүнүнө чалып абалды түшүндүрсө деле, эч нерсе кылыша элек. Акчаны эмнеге төлөп жатабыз?», -деп жазган ал.

Ушундай эле абал Москва көчөсүндөгү № 121 жана 124-үйлөрдө бар. Мындан тышкары «Аламүдүн-1» кичи районунун тургундары дагы жылуулук боюнча арызданышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18