24.kg
08:41, 21 января 2019, 24.kg

Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Кыргызстанда ак калпакка «өлкөнүн маданий символу» деген макам берүү сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууланат.

Долбоордун авторлору — «Республика — Ата Журт» фракциясынан Экмат Байбакпаев жана «Бир Болдон» Бакирдин Субанбеков.

Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими — калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынары айтылган.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү боюнча 2011-жылы демилге көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18