24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА
12:13, 20 января 2019, 24.kg

Кечирим сураган депутаттар. Кийим, гимн жана тил менен динди кемсинтүү

Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин жөнөкөй кызматкеринин кийимин сындап, жыйындан кетиргендиги үчүн вице-спикер Мирлан Бакиров коомчулуктан кечирим сурады. Социалдык тармактын колдоонуучулары аны менен макул эмес.

24.kg агенттиги парламент депутаттарынын дагы кандай кадамы үчүн кечирим сурагандыгын эске салат.

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаевдин түнү бою гимнди жаттап, эртеси ишке келип, калпак кийип, кечирим сураганы коомчулуктун али эсинде. Эл өкүлү дагы эле маал-маалы менен, журналисттер буктурмадан чыгып сурап калбасын деп, гимнди кайталап турса керек.

Photo 102449

2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов жаш кесиптештеринен кечирим сураган.

Элвира Сурабалдиева Алманбет Шыкмаматовдун социалдык тармакта жаш кесиптештерине айткан сынына чычалап, тажрыйбалуу кесиптешине нараазычылыгын билдирген.

Photo 102450

«Мен сиздерди басынтайын деген эмесмин. Сиздер жаш элитасыздар. Биздин жаштардын күзгүсү. Мен болгону бир аз активдүү болууга чакырдым», — деп кутулган ал. Ал 2016-жылы 9-сентябрдагы жыйында депутат айым Кыргызстанда айына 9 миң сом айлык алган адамдар бар экенине таң калган. Коомдук талкуудан кийин, Гүлшат Асылбаева өзүнүн апасы дагы медик болуп иштегенин, бул жааттагы айлыктын өлчөмүн жакшы билерин жазган.

«Мен бизнес тармагындагы айлык акылар жөнүндө айтканмын. Негизи коммерциялык жактар маянаны ачык көрсөтпөйт», — деп кутулду ал.

Депутат айым, "балп" деп сүйлөп коюп, анан кечирим сурап эле басып жүрөт.

Ал 2015-жылы депутат Курмантай Абдиев ал боюнча журналисттерге так эмес маалымат бергени үчүн , кийин Өмүрбек Бабановдон аны бирөөнүн бизнесин тартып алууга айыптаганы үчүн кечирим сураган. Аткаминердин кийимине асылган чатактан кийин вице-спикер кечирим сураганы менен депутат Алмазбек Токторов дагы эле унчуга элек. Коомчулук андан да кечиримди талап кылууда.

Негизи Кыргызстанда көп эле жолу жарандар парламенттин депутаттарынан кечирим суроону талап кылышкан. Эл өкүлдөрү жогорку трибунаны колдонууда айрым жоопкерчиликти жана чекти унутуп коймою бар.

Азыркы чакырышты эле мисал кылсак, акыркы жолу Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Лунара Мамытова депутат Аида Касымалиева ушундай талап койгон. Талаштын жыйынтыгы Лунара Мамытованын ордунан бошотулушу менен аяктады.

Photo 102451

Ага чейин май айында «Интернет-саясатта жарандык демилге» бирикмесинин жетекчиси Таттуу Мамбеталиева Дастан Бекешовдон кечирим суроону талап кылган. Дастан Бекешов президенттин аппаратынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахмедованын эки жарандыгы бар экенин, бул боюнча маалыматты Таттуу Мамбеталиевадан алганын жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18