24.kg
11:27, 18 января 2019, 24.kg

Кыргыз-түрк алакасы. Химиялык эмес жер семирткичтерди чыгаруучу завод курулат

Түркия, Ош облусуна химиялык эмес (биогумустук) жер семирткичтерди жана малды бордоп семиртүүгө багытталган азыктарды чыгаруучу завод курат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Завод куруу боюнча пландар, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Түркиядан келген делегацияны кабыл алган учурда айтылды.

Жолугушууга, Түркиянын Кайсеридеги ардактуу консулу жана ишкерлер ассоциациянын жетекчиси Мустафа Курт жетектеген делегация келген.

Учурда завод үчүн жер Ноокат жана Кара-Суу райондорунан каралып жатат. Бул маселе чечилген соң, курулуш иштерин жаз айларында баштоо күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18