24.kg
10:43, 18 января 2019, 24.kg

«Мен милициянын зөөкүрлүгүнө макул эмесмин!» Бишкек ШИИББнын алдында митинг

Бишкек ШИИББнын имаратынын алдында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу нааразы тарап 24.kg агенттигине билдиришти. 

Photo 102298

Журналисттер «Мен милициянын зөөкүрлүгүнө макул эмесмин!», «Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!» деген жазуулары бар плакаттарды колдоруна кармап алышкан.

Учурда 20дан ашуун журналисттер чогулду. Азырынча алардын талаптарын угууга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыга элек.

Эске салсак, кечээ кытайлык экспансияга каршы митингдин жүрүшүндө тартип сакчылары өз ишин аткарып жүргөн ЖМК өкүлүн кармап кеткен. Ал өзүн журналистмин деп тааныштырганына карабай аны унаага салып кетишип, кийин кое беришкен. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18