24.kg
10:17, 18 января 2019, 24.kg

ӨКМ: Былтыр Ошто 253 өрт кырсыгы катталган

Былтыр Ош шаарында 253 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 48 миллион 707 миң 771 сомду түзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан 4 адам каза болуп, 9 адам ар кандай күйүк жараатын алган.

Өрттөн 3 адамдын өмүрү куткарылып, 9 миллион 150 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Ошондой эле жыл ичинде куткаруу кызматы тарабынан Ош шаарынын калкына экстремалдык учурларда 235 (2017-жылы — 138) жолу чыгуу болуп, төмөнкүдөй кечиктирилгис жардамдар көрсөтүлдү:

— сууга чөккөндөргө — 8 ;

— өрт кырсыгына — 2 ;

— жол кырсыгына — 6 ;

— штаттык эмес чыгууларга — 219 ;

— турак жайлардан сөөктү алып чыгууга — 3.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18