24.kg
10:09, 18 января 2019, 24.kg

Жактоочу: Кубанычбек Кулматовдун укугун УКМКнын тергөөчүлөрү бузушту

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун укугун УКМКнын тергөөчүлөрү бузушту. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сотко арыз берди. «Экспертизаны Кубанычбек Кулматовдун катышуусу жок кылышкан. Бул соттолуучунун укугун орой бузгандыкта жатат», деди ал.

Ал кошумчалагандай, кылмыш иштин материалдарын сотко берише элек. Азыр таанышуу иштери жүрүүдө. «Мен УКМКга күн сайын келүүгө мажбур калдым, анткени иш менен таанышып жатам. Бул менин укугумдун бузулушуна алып келди», -деди жактоочу.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18