24.kg
09:27, 18 января 2019, 24.kg

Көркөм адабий чыгармаларды басып чыгаруу үчүн сынак жарыяланды

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көркөм адабий чыгармаларды, котормолорду, балдар үчүн сүрөттүү (иллюстрацияланган) китептерди, усулдук колдонмолорду жана сөздүктөрдү басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөттө сынак жарыялады. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, тандалып алынган мыкты чыгармалар «Азыркы адабият», «Дүбүрт», «Дүйнѳлүк адабият», «Дүйнѳ» серияларынын алкагында жарык көрөт.

Аталган сынак 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын" аткарылышын камсыздоо максатында уюштурулууда.

Чыгармалар жана котормолор 2019-жылдын 17-январынан 17-мартына чейин кабыл алынат. Сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп берип, Улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊештин сынынан өткөн соң, мыкты деп табылгандары жеңүүчү катары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18