24.kg
09:00, 18 января 2019, 24.kg

Кызын чынжырга байлап койгон жаран 3 жылга коомдук иштерде иштөөгө мажбур

Ош шаардык соту кызын чынжырга байлап койгон жаранды 3 жылга коомдук иштерде иштөөгө өкүм чыгарды.

Өкүмдө жазылгандай, ал күнөөнү толугу менен мойнуна алып, жасаган ишине өкүнгөн.

«Мен пенсиядамын, мотоцикл менен жүк ташып жан багамын. Учурда 2-никедеги жубайым менен жашайм, бир кыз бир уулум бар. Кызым үйдөн качып кетип көпкө таба алган жокпуз. Аны милиция парктан кармап келгенде, тарбиялоо максатында чынжырга байлап койгом», -деди айыпталуучу.

Эске салсак, Ошто атасы кызын чынжырга байлап койгон маалымат тараган. Айыпталуучу кызы аларды укпай үйдөн качып кеткендиги үчүн ушундай кадамга барганын айтат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18