24.kg
16:35, 17 января 2019, 24.kg

Кытайлык жарандарга кыргызстандык 60 кыз турмушка чыккан

Кытайлык жарандарга кыргызстандык 60 кыз турмушка чыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Айтымында, ишенимдүү расмий статистиканын маалыматы ушундай.

Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөт унчукпай отургандыктан коомчулук ушундай кадамга барганын айтты.

«Бул маалыматты эмне үчүн мурдарак айткан жоксуз? Интернет аркылуу 60 миң кыргыз кызы КЭРдин жарандарына турмушка чыкты деп таркап жатат. Мындан улам жарандар митингге чыгышты», -деди ал.

Эске салсак, бүгүнкү нааразычылык акцияда активисттер кыргыз кыздарын кытайлык жарандарга турмушка бербөөнү талап кылышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18