24.kg
15:06, 17 января 2019, 24.kg

Депутат: Милиция жарандардан түкүрүк үчүн акча талап кылып жатат

Милиция кыргызстандыктардан түкүрүк үчүн акча талап кылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Нодирбек Каримов билдирди.

Айтымында, ага айрым шайлоочулар кайрылышып, укук коргоо оргнадарынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатышканын билдиришкен.

«Жарандар аларды кармап алып түкүрүк үчүн акча талап кылып жатышат деп нааразы болушууда», -деди депутат.

ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асановдун айтымында, азырынча түкүрүк үчүн айып салынбайт. «Көпчүлүк учурда эскертүү гана берилип жатат. Айыл өкмөттөрүндө комиссиялар иштеп жатат. Шаарларда дагы комиссия түзүлгөн, эгерде акча талап кылуу фактысы болгон болсо, биз чара көрөбүз», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18