24.kg
13:52, 17 января 2019, 24.kg

Аянттагы митинг. Ак үйгө барууну көздөгөндөргө милиция жол берген жок

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кытайлык экспансияга каршы митинг уланууда. Алгач акциянын уюштуруучусу Аманбол Бабакулов бир канча гана талаптарды атаган, бирок митингдин жүрүшүндө доолордун саны артты.

Талаптардын арасында элдик көзөмөл түзүү, Кытай жарандарына берилген визалардын санын кыскартуу, алынган кытайлык насыяларды текшерүү, алардын негиздүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн текшерүү бар. Эгерде негизсиз болгон болсо, түзүлгөн комиссия акча кимдин капчыгына түшкөнүн аныкташы керек.

Нааразы болгон жарандар кыргыз кыздарын кытайлыктарга күйөөгө бербөөнү талап кылышты. Болбосо алар айыппул төлөп калышат.

Мындан сырткары алар паспорттогу улуту деген графаны алып келүүнү талап кылышты. Алар талаптардын баарын жазып Жогорку Кеңештин депутаттарына берүү үчүн Ак үйгө барууну чечишти. Бирок, тартип сакчылары аларга жол берген жок.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18