24.kg
11:39, 17 января 2019, 24.kg

Кытайлык экспансияга каршы митинг. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келишти

Кытайлык экспансияга каршы митингге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келишти. Чогулгандардын алдына Биринчи Май районунун акими менен ТИМдин кызматкери чыкты.

Аким Токтосун Султанов акциянын катышуучуларын тазалыкты сактоого чакырды.

«Кытайдын жарандары Кыргызстанга келип жатканы тууралуу маалымат толугу менен ишенимдүү эмес. 2018-жылы Кытайдын 10 миң жараны узак мөөнөттүү виза алышкан. Алар негизинен жол курулуштарында иштешти», -деди ТИМдин өкүлү Алмаз Имангазиев.

Нааразы тарап этникалык кыргыздардан башкаларга кыргызстандын жарандыгын берүүгө мораторий киргизүүнү талап кылышууда. Ошондой эле, мамлекеттик комиссия түзүп, кытайлык үлүштөрү бар завод, фабрикаларды текшерүүнү талап кылып жатат. Мындан сырткары өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн КЭРдин жарандарын депортация кылуу айтылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18