24.kg
11:33, 17 января 2019, 24.kg

Уюштуруучулар: Алмазбек Атамбаевдин тийиштиги бар деген кеп чындыкка коошпойт

Кытайлык экспансияга каршы митингге 100гө жакын киши чогулду. Алар аталган акцияга мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тийиштиги бар деген кепти төгүнгө чыгарышты.

«Мен жеке өзүм бул митингди уюштурдум. Биздин Атамбаев менен дагы, башка саясатчылар менен дагы байланышыбыз жок. Бизди негизинен жаштар колдоп жатат», -деди Аманбол Бабакулов.

Нааразы тарап этникалык кыргыздардан башкаларга кыргызстандын жарандыгын берүүгө мораторий киргизүүнү талап кылышууда. Ошондой эле, мамлекеттик комиссия түзүп, кытайлык үлүштөрү бар завод, фабрикаларды текшерүүнү талап кылып жатат. Мындан сырткары өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн КЭРдин жарандарын депортация кылуу айтылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18