24.kg
11:05, 17 января 2019, 24.kg

Коопсуз шаар. Конкреттүү түрдө кайсы кесилиштерге камера орнотуу такталууда

ИИМ менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында конкреттүү түрдө кайсы кесилиштерге камера орнотууну тактап чыгышат. Бул тууралуу маалымат жыйында Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Айтымында, экинчи этап боюнча техникалык документация даяр, бирок өкмөт ИИМ менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына баардык жолдорду изилдеп, кайсыл жерге камера коюуну тактап чыгууну тапшырган.

«Тактоо боюнча иштер акырына чыгууда. Жакынкы аралыкта Ош, Жалал-Абад облустарында да аяктайт. Андан кийин баардык маалыматтар бириктирилип, тендерди жарыялайбыз. Экинчи этапта өлкө боюнча 230 кесилиш жолго камералар орнотулат», -деди Бакыт Шаршембиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18