24.kg
09:56, 17 января 2019, 24.kg

Программист: Министрлик жана депутат IT-академиянын имаратын тартып алды

Билим берүү жана илим министрлиги жана депутат Канатбек Керезбеков IT-академиянын имаратын тартып алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Программалык камсыздоону жана кызматты иштеп чыгуу ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров билдирди.

Азис Абакировдун айтымында, мекемени гана тартып албастан, өздөрүнүн жеке долбоору катары чоочун илимий жетишкендиктерди менчиктештирип алышты.

«Мен програмисстер тобу менен № 99 кесиптик техникалык лицейдин базасында IT-академиясын түзүүнү демилгелегем. Мунун баарын 2015-жылы эле өкмөт менен макулдашканбыз. Долбоорду ишке ашырдык, бирок биздин ассоциациянын атынан эмес, Юридикалык академиянын атынан болуп калды. Ал кезде азыркы депутат Канатбек Керезбеков башкарып турган», -деди Азис Абакиров.

Ал билдиригендей, Юридикалык академия имаратты өзүнө алып алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18