24.kg
08:37, 17 января 2019, 24.kg

Кыргызстан Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунда Филиппин командасын 3:1 эсебинде утуп, мелдештин 1/8 финалдык бөлүгүнө чыкты.

Үч голду тең кыргызстандык чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Атаандаштардан Штефан Шрек өзгөчөлөндү. Кыргызстан биринчи беттешинде Кытайга 1:2, экинчисинде Түштүк Корея командасына 0:1 эсебинде жеңишти алдырып жиберген.

Кыргызстан плей-оффтогу биринчи оюнун 21-январда Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен ойнойт. Учурда 1/8 финалда ойной турган 16 команданын 12си аныкталып калды.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Анда жалпысынан 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноодо. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында, ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген, эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18