Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынын курмандыктары эскерилди
Эки жыл мурда «Манас» аэропортунан алыс эмес жайгашкан Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынын курмандыктары эскерилди. Ага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар жана маркумдардын жакындары катышты.
Расмий версия боюнча Стамбулга учуп бараткан учак «Манас» аэропортуна май куюу үчүн конмок.
Расмий маалыматтарга караганда, айылда 19 үй толугу менен талкаланып, 7си авариялык абалда деп табылган. Мындан тышкары дагы 12 үй жарым-жартылай бузулган.
Күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгында жакындарын жоготкон балдар менен жолуккан.