24.kg
14:14, 16 января 2019, 24.kg

Кыргызстанда кичинекей кылмыш үчүн соттоп жибербейт

Кыргызстанда укук коргоо органдары 5 жылга чейин эркинен ажыроо коркунучу бар кишилерди камакка албайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков билдирди.

Айтымында, соттор камакта калтырылган кишилерге баш коргоо чарасын тандай алышпайт.

«Анча оор эмес мүнөздөгү кылмыштар Жоруктар тууралуу кодекске тиешелүү. Мындай эреже бузуулар үчүн укук коргоо органдары кишилерди кармоого укугу жок. Соттор аларга камакта калтыруу сыяктуу баш коргоо чарасын тандай алышпайт. Кичинекей уурулук үчүн узак мөөнөткө камакта калган көп учур бар», -деди Азизбек Шүкүрбеков.

Эске салсак, 1-январдан тарта өлкө аймагында жаңы Жазык, Жазык-аткаруучу, Жазык-процессуалдык кодекстер күчүнө кирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18