24.kg
17:09, 15 января 2019, 24.kg

Депутат Кыргызстанга жогорку ылдамдыктагы поезддерди алып келүүнүн жолун айтты

Коңшу өлкөлөрдүн баарында испандык жогорку ылдамдыктагы поезддер жүрөт, болгону Кыргызстанда гана жүрбөйт. Бул тууралуу экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Акылбек Жапаров айтып чыкты.
 
Анын билдирүүсүндө, Өзбекстан менен Казакстан туризмди өнүктүрүү үчүн поездди жүргүзүп баштады. Кыргызстан болсо бир чакырым болсо дагы жаңы темир жол курган жок. Депутат коңшулар менен сүйлөшүп, алардын поезддери Кыргызстанга чейин келсин деп айтууну сунуштады.
 

«Жол салып, коңшулардан жогорку ылдамдыктагы поезддери жок дегенде Балыкчыга чейин келсин деп сурануу керек. Европадан Бишкекке чейин келүү үчүн гана 600 доллар керектелет. Ал эми борбор калаадан Ысык-Көлгө чейин жетиш керек да. Биздин жакын коңшуларыбыз бар, алар менен иштешип, ал жактан туристтерди чакырышыбыз керек. Бул үчүн шар түзүп берүү шарт», -деди Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18