24.kg
15:06, 15 января 2019, 24.kg

Мээрбек Мискенбаев «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагалыгынан алынды

«Айкөл Ала-Тоо» бирикмесинин жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине коомдук бирикмеден кабарлашты.

Алардын маалыматында, кезектеги жыйында Мээрбек Мискенбаев өз арызынын негизинде кызматтан алынып, анын ордуна Амантур Жамгырчиев шайланды.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2010-жылы түзүлгөн. Мээрбек Мискенбаев аны 2013-жылдан бери жетектеп келген.

«Жетекчиликтин алмашышы биздин ишибизге таасирин тийгизбейт. Биз мындан ары апрель революциясынын баатырларын, катышуучуларын социалдык жактан камсыздоо иштерин кенен жүргүзүп турабыз. Ал эми саясатта калыс көз-карашта болобуз», — деп билдирди жаңы төрага Амантур Жамгырчиев.

«Айкөл Ала-Тоо» 17-январдагы митинге катышпайт.

«Бизди 7-январда өткөн митинг менен байланыштырып жатышат. Биз ага катышкан эмеспиз. 17-январдагыга дагы кошулбайбыз жана Кытайга каршы чакырыктарды колдобойбуз», — дейт Амантур Жамгырчиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18