24.kg
14:36, 15 января 2019, 24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автожолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автожолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

16-18-январь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Ушундай эле кырдаал Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18