24.kg
10:20, 15 января 2019, 24.kg

Электр жарыгы жана жылуулукка болгон тарифтер мурунку бойдон калат

Электр жарыгы жана жылуулукка болгон тарифтер мурунку бойдон калат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

Айтымында, жаңы тарифтик саясатты кабыл алышкан жок. «Мындан улам мурда кабыл алынган тарифтик саясат гана мыйзамдаштырылды. Бул баалар жаңы орто мөөнөттүк тарифтик саясат кабыл алганга чейин өзгөртүлбөйт», -деди ал.

2015-жылдын 1-августунда калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифтер 700 киловаттка чейин колдонгондорго 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,16 сомдон бекитилген. Жылуулук үчүн жарандар гигакалория үчүн 1 миң 134,7 сомдон төлөшөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18