24.kg
09:51, 15 января 2019, 24.kg

Таштандыларды сорттой турган заводдун курулушун 2020-жылы аяктоо пландалды

Бишкек мэриясы таштандыларды сорттой турган заводдун курулушун 2020-жылы аяктоону пландап жатат. Мындай тапшырманы мэр Азиз Суракматов берди.

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык мекемесинин башчысы Талгат Үмөталиев билдиргендей, «Турмуш-тиричиликтик таштандылар системасы башкармалыгын жакшыртуу» долбоору боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңы полигондун эскиздик долбоору аяктады. Мындан сырткары курулуш иштери боюнча инженердик-техникалык чечимдердин негизги бөлүгү бүттү. Ушул жылдын апрелинде курулушка уруксат алуу пландалууда, майда курулуш иштери башталганы турат.

Евразия өнүктүрүү банкы 22 миллион еврону грант жана насыя түрүндө берген. Бул каражатка шаардык бийлик таштандыларды сорттоочу завод, жаңы санитардык полигон курушу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18