Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу. Тариф орто эсеп менен 2210 сомду түзөт
Кыргызстанда унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруунун тарифи бир жылда орто эсеп менен 2 миң 210 сомду түзөт, ал эми максималдуу жогору тарифи — 6 500 сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын билдиришти.
Эске салсак, Кыргызстандын өкмөтү унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруунун (ОСАГО 12) кепилдик фондун түзөт. Анда камсыздандыруу тарифи унаанын үлгүсүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, өлкөнүн жол кырсыктар статистикасына жана айдоочунун жол кырсыктарына кабылбай айдаганына, айдоочунун тажрыйбасына жараша аныкталат.
Азыркы күндө тарифтик сетка аягына чейин иштелип бүтө элек.