24.kg
17:20, 14 января 2019, 24.kg

Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу: УКМКнын тергөөчүлөрү кысым көрсөтүшүүдө

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканына нааразы. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, тергөө аяктап, материалдар менен таанышуу иштери башталды. «Иште 19 томдук материал бар, анын ичинен 5-сине гана келдим. Тергөөчү баардык документтер менен таанышуу үчүн менин эмгек укугумду эске албай график киргизип коюптур. Күн сайын ишемби күндү кошкондо саат 9дан кечки 8ге чейин келип материал менен таанышышым керек экен. Менин болгону 8 сааттык иш күнүм бар. Бул аракеттерди кысым катары баалайм», -деди жактоочу.

Ал кошумчалагандай, бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовду камакта 31-январга чейин калтырды.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18