24.kg
16:47, 14 января 2019, 24.kg

Жасалма паспорт менен четке чыгууга аракет кылган Түркиянын жарандары кармалды

Кыргызстандын «Ак Жол» чек ара өткөрмө пунктунан жасалма паспорт менен Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган Түркиянын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Кыргызстанга өздөрүнүн мыйзамдуу паспорту менен киришкен.

Бирок, көзөмөл бекетинен өтүп жатканда чет элдик жарандар Түркиянын атайын кызматтык паспортун көрсөтүшкөн. Чек арачылар ал документтер жасалма экенин байкап калышып, текшерүүгө алышкан.

Алар жасалма паспортторун мыйзамдаштыруу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганын айтышкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалгандар УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18