24.kg
15:41, 14 января 2019, 24.kg

Жалал-Абадда мас абалда унаа башкарган 2 айдоочуга 17500 сомдон айыппул салынды

Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген мыйзамдар боюнча мас абалында унаа башкарган 3 айдоочуга протокол толтурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жол кырсыгына себепкер бир айдоочуга жана мас абалда унаа башкарган эки айдоочуга 17500 сомдон айыппул салынды.

«Айдоочулар бир айдын ичинде айыппулдарды төлөшү керек. Бир айдан соң туум өсүп баштайт. Ал эми коопсуздук курун тагынбагандарга, ылдамдыкты тиешелүү көрсөткүчтөн жогорулаткандарга, эрежелерин бузгандарга жөн гана эскертүү берилүүдө. Ошондой эле, элге жаңыдан өзгөрүү кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иши жүрүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18