24.kg
13:45, 14 января 2019, 24.kg

Токмокто телефон чубалгысын уурдаган киши кармалды

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында телефон чубалгысын уурдаган 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалым болгондой, 12-январда «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына арыз түшүп, 11-январдан 12-январга караган түнү Токмок шаарынын көчөлөрүнүн биринен белгисиз киши тарабынан жалпы 80 метрлик телефон чубалгысы (100×2) уурдалганы билдирилген.

Келтирилген чыгым 20 миӊ сомду түзгөн.

Окуя болгон жерге Токмок ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, шектүү катары мурда соттолгон 38 жаштагы Г.Н. аттуу жаранды кармашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18