24.kg
11:55, 14 января 2019, 24.kg

Алматыда теракт жасоого даярданып жүрүшкөн жарандар кармалды

Ушул жылдын 10-январында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Алматыда атайын операциянын жүрүшүндө Казакстанда теракт жасоого даярданып жүргөн Борбордук Азия жарандарын кармашты. Бул тууралуу Казакстандын УККсы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жарандардын убактылуу жашаган үйүн тинтүүдө колго жасалган жарылуучу заттар, ок атуучу куралдар табылган.

Кармалган жарандар ДАИШ согушкерлеринин кол алдында иштеп, алардын буйруктарын аткарып жүргөндөрү аныкталды. Алар Алматыда теракт уюштурууну пландап жатышкан.

Тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18